Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаровдун Азербайжанга мамлекеттик сапары башталды

Кыска кабар | 24 Апр 2024 | 135 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде мамлекеттик сапар менен Азербайжанга кетти. 24-25-апрелде боло турган сапардын алкагында мамлекет башчы Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Ошондой эле мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү пландаштырылууда, анын жыйынтыгы боюнча президенттердин биргелешкен декларациясына жана соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлат.

Мамлекет башчылары ошондой эле Хыдырлы айылындагы орто мектептин курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышат.

Кыргызстандан барган расмий делегациянын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев;

— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

— санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева;

— транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;

— энергетика министри Таалайбек Ибраев;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

— эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова;

— саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;

— юстиция министри Аяз Баетов;

— “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов;

— Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев;

— президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев.

Copyright © 2017 Maral FM