Биз менен байланышыңыз

Орунбеков Коргонбай уулунун мандатын тапшырганы боюнча пикирин билдирди

Кыска кабар | 24 Апр 2024 | 301 | 0

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын тапшыруусу боюнча фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазды.

Ал Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын тапшыруусунда саясий маселе жок экенин, ага Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен мамилеси себеп болбогонун белгиледи. Айрым маалымат каражаттары муну бурмалаганын кошумчалады.

«Буга чейин эл өкүлү менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кайым айтышканын, президент министрди коргоп чыкканын мисал кылып, анын мандатын тапшыруу себебине саясий боек беришүүдө. Депутат Коргонбай уулунун мандатын тапшырганына министр Бейшеналиев экөөнүн ортосунда жаралган маселенин эч кандай тиешеси жок. Депутаттар менен өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда кайым айтышып кетүү учурлары буга чейин дагы, мындан ары дагы боло берет, ал мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Андыктан депутаттын өз каалоосу менен мандатын тапшырганын жогорудагы санап өткөн себептерге байланыштыруу туура эмес. Анын кетүүсү өзүнүн башка себептерине байланыштуу тандоосу» , — деди Орунбеков.

Борбордук шайлоо комиссиясы 23-апрелдеги жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотту. Депутат  ага чейин мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган.

Жусупбек Коргонбай уулу №5 Ноокат бир мандаттуу округунан шайланып келген.

Ал парламенттин 14-марттагы жыйынында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар деген сөздөрдү айтып, министрдин жоопкерчилигин кароону сунуштаган.

Алымкадыр Бейшеналиев буга жооп берип, дарыгер катары бардык жарандарды дарылоого милдеттүү экенин, депутат өзүн жеке таарынычына байланыштуу сындап жатканын айтып, аны сотко берген.

Парламенттин 3-апрелдеги жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттыкты сактоо министри Бейшеналиевди коррупцияга айыптаган. Ушул эле жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM