Биз менен байланышыңыз

УКМК айрым милиция жана салык кызматкерлери кармалганын билдирди

Кыска кабар | 23 Апр 2024 | 168 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын айрым кызматкерлери «Ак-Тилек автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда иш алып барган жеке ишкерлерден акча өндүрүү боюнча туруктуу коррупциялык схема уюштургандыгы аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү “Пара талап кылуу” боюнча козголгон иштин алкагында аныкталды.

Үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусу боюнча ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар менен иштөө боюнча сектордун улук инспектору В.Е.Х., Чүй жана Талас облустары боюнча салык кызматынын инспектору Э.Н.А., Чүй облусунун күзөт кызматынын кызматкери Т.А.Т. жана салык кызматкеринин ортомчусу Д.Г.Б. кармалды.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM