Биз менен байланышыңыз

Дагы бир депутат Жогорку Кеңештен кетти

Кыска кабар | 23 Апр 2024 | 181 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотту. Мындай чечим БШКнын 23-апрелдеги жыйынында кабыл алынды.

Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганы белгилүү болгон.

Жусупбек Коргонбай уулу №5 Ноокат бир мандаттуу округунан шайланып келген.

Ал парламенттин 14-марттагы жыйынында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар деген сөздөрдү айтып, министрдин жоопкерчилигин кароону сунуштаган.

Алымкадыр Бейшеналиев буга жооп берип, дарыгер катары бардык жарандарды дарылоого милдеттүү экенин, депутат өзүн жеке таарынычына байланыштуу сындап жатканын айтып, аны сотко берген.

Парламенттин 3-апрелдеги жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу жарым саат сөз сүйлөп, саламаттыкты сактоо министри Бейшеналиевди коррупцияга айыптаган. Ушул эле жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM