Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Азербайжанга мамлекеттик сапар менен барат

Кыска кабар | 23 Апр 2024 | 125 | 0

Президент Садыр Жапаров 24-25-апрелде мамлекеттик сапар менен Азербайжанга барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Мамлекет башчылары кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, келечегин талкуулашат. Ошондой эле Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү пландаштырылууда. Анын жыйынтыгы боюнча президенттердин биргелешкен декларациясына жана соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлат.

Президенттер Хыдырлы айылындагы орто мектептин курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышат.

Кечээ, 22-апрелде Садыр Жапаров Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фондунун иштөө шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялап, тийиштүү мыйзамга кол койгон.

Макулдашууга 2024-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган. Мыйзам Жогорку Кеңеш 17-апрелде кабыл алынган.

Макулдашууга ылайык, фонддун имараттары кол тийгис, Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү фонддун имаратына кыргыз тараптан тең төраганын жана Азербайжан тараптан тең төраганын макулдугу менен гана кире алат.

Фонд эл аралык уюмдар жана алардын өкүлчүлүктөрү үчүн каралган тартипте Кыргыз Республикасында бажы алымдарынан, салыктардан жана ушуга байланыштуу жыйымдардан бошотулары аныкталган.

2022-жылы Азербайжандын президенти Илхам Алиев мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келгенде Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда өнүктүрүү фондун түзүү тууралуу сөз болгон.

Copyright © 2017 Maral FM