Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда 42 үйдү сел каптап, тургундар эвакуцияланды

Кыска кабар | 23 Апр 2024 | 205 | 0

21-22-23- апрель күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам Жалал-Абад облусунун Ноокен району Момбеков айыл өкмөтүнүн Бостон айылында кокту-колотордон чогулган сел суулары 42 турак жайды каптады.

Бул туралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек – Ош автоунаа жолунун 510-чакырымында унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралды.

Кырдаалды жоюу үчүн Жалал-Абад башкармалыгынан ыкчам топ тартылып, штаб түзүлгөн. Жерине Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунан жана Таш-Көмүр, Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 122 куткаруучусу тартылып, жарандарды коопсуз жайган эвакуциялап, тактоо жумуштары жүрүүдө.

Жерине райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 29 инженердик техникасы тартылып, кооптуулук убактылуу жоюлду.

Нөшөрлүү жааган жаандын улам Ош облусунун Алай, Кара-Суу, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда да сел жүрүп, Ош облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Селдин кесепетинен бир жаран каза болгон.

Ошондой эле Баткен, Талас облусунун да айрым аймактарында сел жүргөнү кабарланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM