Биз менен байланышыңыз

Райондук сот Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтүн узартты

Кыска кабар | 23 Апр 2024 | 113 | 0

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтүн 26-июнга чейин узартты.

Мындай чечимди сот 22-апрелде кабыл алды.

УКМК Райымбек Матраимовго карата 169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ал 25-мартта Азербайжандын аймагында кармалып, Кыргызстанга алынып келген. Ошондой эле аны менен бирге Райымбек Матраимовдун бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алынып келген.

Маалыматта айтылгандай, Райымбек Матраимов жок кылынган «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик кримтөбөл Камчы Көлбаев менен Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир катар мүлкүн аукционго койгон.

Электрондук аукцион аркылуу 10 объект сатылууда

Анын ичинде Бишкек шаарындагы Рыскулов көчөсү 79б дарегинде жайгашкан турак эмес жай бар, баштапкы баасы — 38 млн 601 миң сом. Чолпон-Ата шаарындагы курорттук аймактан 39 миң 900 чарчы метр жер 142 млн 657 миң сомго бааланды.

Мындан тышкары, Чүй облусундагы, Бишкек шаарындагы жер аянттары, Ош шаарындагы батирлер аукционго коюлду. Аукционго коюлган мүлктүн толук тизмесин ушул шилтемеден көрүүгө болот. Арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү — 29-апрель.

Былтыр 4-октябрда Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаев УКМКнын атайын операциясы учурунда каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM