Биз менен байланышыңыз

Улуттук жазуучулар союзуна жаңы төрага шайланды

Кыска кабар | 22 Апр 2024 | 293 | 0

Бүгүн, 22-апрелде Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы шайланды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, төраганы шайлоо 2 этап менен өткөн.

Талапкерлер акын Кожогелди Кулуев, экс-министр, жазуучу Каныбек Иманалиев, Жедигер Саалаев, акын Атантай Акбаров болгон.

Добуш берүүгө 128 адам катышкан. Башкармалыктын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкерлер Каныбек Иманалиев менен Кожогелди Кулуев 2-турга өткөн.

Эки талапкерге кайрадан добуш берилип, жыйынтыгында 70 добуш менен Каныбек Иманалиев төрага болуп шайланган. Ал эми Атантай Акбаров төрага орун басары болгон.

Copyright © 2017 Maral FM