Биз менен байланышыңыз

Депутат Коргонбай уулу мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды

Кыска кабар | 22 Апр 2024 | 210 | 0

22- апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды.

БШК депутат өз каалоосу менен арыз жазганын билдирди. 
Ал №5 бир мандаттуу Ноокат
округунан шайланып келген.

Жусупбек Коргонбай уулунун арызы БШКнын жакынкы отурумдарында каралат.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 14-марттагы жыйынында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар деген сөздөрдү айтып, министрдин жоопкерчилигин кароону сунуштаган.

Алымкадыр Бейшеналиев дарыгер катары бардык жарандарды дарылоого милдеттүү экенин, депутат өзүн жеке таарынычына байланыштуу сындап жатканын айтып, аны сотко берген.

Парламенттин 3-апрелдеги жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу жарым саат сөз сүйлөп, саламаттыкты сактоо министри Бейшеналиевди коррупцияга айыптады. Ушул эле жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM