Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Азербайжан фондунун иштөө шарттары жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыска кабар | 22 Апр 2024 | 136 | 0

Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фондунун иштөө шарттары жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Тийиштүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Макулдашууга 2024-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган. Мыйзам Жогорку Кеңеш 17-апрелде кабыл алынган.

Макулдашууга ылайык, фонддун имараттары кол тийгис, Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү фонддун имаратына кыргыз тараптан тең төраганын жана Азербайжан тараптан тең төраганын макулдугу менен гана кире алат.

Фонд эл аралык уюмдар жана алардын өкүлчүлүктөрү үчүн каралган тартипте Кыргыз Республикасында бажы алымдарынан, салыктардан жана ушуга байланыштуу жыйымдардан бошотулары аныкталган.

2022-жылы Азербайжандын президенти Илхам Алиев мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келгенде Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда өнүктүрүү фондун түзүү тууралуу сөз болгон.

Copyright © 2017 Maral FM