Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги ресторандардын биринде массалык уулануу болду

Кыска кабар | 22 Апр 2024 | 183 | 0

Бишкектеги «Улуу Тоо» ресторанында массалык уулануу болгонун мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, кыз узатуу иш-чарасында жалпы 39 адам ууланды. Иш-чаралар 15 жана 18-апрелде болгон.

15- апрелде өткөрүлгөн иш-чарадан кийин 27 адам , 18-апрелден кийин 12 адам ооруканага кайрылган.

«Коомдук тамактануу жайында массалык уулануунун себептерин аныктоо үчүн пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, лабораториялык изилдөөлөр үчүн даяр тамак-аштардын жана ингредиенттердин үлгүлөрү алынды. Ресторандын 31 кызматкеритекшерилери, лабораториялык изилдөөлөр иштеп жатканы кабарланды.

Санэпидкөзөмөл борбору «Укук бузуулар жөнүндө» кодекске ылайык, 18 миң сом айып салып, 23-апрелден тарта ресторандын ишин токтотту.

Copyright © 2017 Maral FM