Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңешке Эмилбек Жусуповдун ордуна жаңы депутат келди

Кыска кабар | 22 Апр 2024 | 220 | 0

Бүгүн, 22-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусуповдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Эмилбек Жусупов 21-апрелде мандатын тапшыруу боюнча өз ыктыяры менен арыз жазганы белгилүү болгон.

Жусупов 2021-жылы «Ишеним» партиясынан депутат болуп шайланган.

Бир жыл мурун Бишкек шаарынын жашоочулары маалымат жыйын өткөрүп, Эмилбек Жусупов негиздеген «Эмаком» курулуш компаниясынан батирлерин ала албай жатканын айтышкан. Алар компаниянын жетекчилигин жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан.

Эмилбек Жусупов «Эмаком» курулуш компаниясынан батирлерин ала албай жаткан жарандар боюнча айтылгандарга жооп берип, аталган курулуш компаниясын башкаларга өткөрүп бергенин, батирлерин ала албай алданып калгандарга тиешеси жок экенин билдирген.

Жусупов 2017-2018-жылдары – «Эмаком» ЖЧКнын башкы директору болгон. 2018-2021-жылдары  – «Эмаком Холдинг» холдингинин президенти болгону Жогорку Кеңештин сайтында көрсөтүлүп турат.

Боршайком депутаттык мандатты «Ишеним»саясий партиясынан Советбек Рустамбек уулуна өткөрүп берди. Ал Жогорку Кеңештин депутаты катары катталып, күбөлүк жана төш белги берилди.

Copyright © 2017 Maral FM