Биз менен байланышыңыз

Силикон өрөөнүндө Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын үйү ачылды

Кыска кабар | 22 Апр 2024 | 66 | 0

АКШнын Сан-Франциско шаарында Силикон өрөөнүндөгү Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын үйү (HTP House in Silicon Valley) ачылды. Анын ачылышына АКШда иш сапары менен жүргөн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Ал мамлекет IT-индустриясын өнүктүрүү боюнча демилгелерди колдоого даяр экенин белгиледи.

«IT-компанияларда иштеген жаштар, өлкөбүздүн сыймыгысыңар. Силердин инновацияларыңар, талантыңар жана берилгендигиңер бизди дүйнөлүк аренада күчтүүрөөк жана атаандаштыкка жөндөмдүү кылат. Көбүңөр дүйнө жүзү боюнча чоң компанияларда иштешет жана биз силер менен сыймыктанабыз. Кыргызстанда өнүктүрүү борборлорун ачууга сиздердин компанияларды тарта алсак абдан жакшы болмок. Биз сиздерге, сиздердин мүмкүнчүлүктөрүңүзгө ишенебиз жана ийгиликке жетүү жолуңуздун ар бир этабында сиздерди колдоого даярбыз» , — деди Акылбек Жапаров.

Иш-чарага эл аралык технологиялык корпорацияларда иштеген кыргызстандык IT-адистери да катышты.

Акылбек Жапаровдун Америка Кошмо Штаттарынын бир катар шаарларына болгон жумушчу сапары аяктады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM