Биз менен байланышыңыз

Ош облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Кыска кабар | 22 Апр 2024 | 133 | 0

Ош облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, 21-апрелде түнкүсүн президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаевдин, райондук администрация башчыларынын жана тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү. Анда селге байланыштуу өзгөчө кырдаал режимин киргизүү чечими кабыл алынды.

20-апрелде Ош облусунун бир нече районунда катуу сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бир катар унаа жолдор жабылып, анын кесепеттерин жоюу иштери улантылууда.

Кара-Кулжа районунун Мырза-Аке-Кара – Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 41 – чакырымында автоунаа селге кабылып, бир киши көз жумду.

Жалал-Абадда 22-апрелге караган түнү саат 23:00гө алынган маалымат боюнча Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн Курук-Сай айылында катталган селдин кесепетинен, 45 турак жайдын короолорун суу каптап,  4 турак үйдүн ичине сел киргендиги аныкталды.

Учурда аталган аймактагы кырдаалды жөнгө салууга Жалал-Абад облустук башкармалыгынан, район-шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 65 куткаруучу тартылып, тазалоо жумуштарын башташты.

Copyright © 2017 Maral FM