Биз менен байланышыңыз

Ноокатта жер алдамчылыгына тиешеси бар бир катар кызмат адамдары кармалды

Кыска кабар | 22 Апр 2024 | 160 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагында узак убакыттан бери мыйзамсыз жер тилкелерин берүү менен алектенген кызмат адамдарынын тобунун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.

Маалыматка караганда, Жаңы-Ноокат айыл аймагынын кызмат адамдары тарабынан «Жаш» участкасында жеке турак жай куруу үчүн жергиликтүү тургундарга трансформациясыз жер тилкелерин  берүү жана жол-жоболоштуруу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттер такталды.

Жалпысынан Жаңы-Ноокатта 41 гектар жер трансформациясыз жасалма токтомдор менен мыйзамсыз берилген, анын жалпы орточо базар наркы 300 млн сомго жакынды түзөт.

Бул факты боюнча Жаңы-Ноокат айыл аймагынын мурдагы башчысы Р.Н.З.,  аталган айыл аймактын жер ресурстары боюнча адиси Э.Э.Т., «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук филиалынын бөлүм башчысы Б.А.Э., жетектөөчү адис А.Н.М., картограф К.И.Т. жана каттоо бөлүмүнүн башчысы С.Т.С. жоопко тартылды.

Тактап айтканда, жогорудагы кызмат адамдары Ош шаардык сотунун тергөө судьясынын чечими менен 2024-жылдын 9-майына чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Copyright © 2017 Maral FM