Биз менен байланышыңыз

21-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 20 Апр 2024 | 79 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 21-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8… + 13, күндүз + 22 … +27,

Талас жергесинде түнкүсүн +5… + 10, күндүз + 19 … +24,

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11… + 16, күндүз + 22 … +27,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +4… + 9, күндүз + 17 … +22,

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +4… + 9, күндүз + 17…+22.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +24…+26 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM