Биз менен байланышыңыз

Акжолтой Тукунов массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалды

Кыска кабар | 19 Апр 2024 | 315 | 0
Милиция тараткан сүрөт.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, активист Акжолтой Тукунов массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, социалдык тармактарга жана интернет ресурстарга мониторинг жүргүзүү учурунда Акжолтой Тукунов “Фейсбукта” коомчулукту массалык башаламандыкка чакырган жана чагымчыл материалдарды таратканы аныкталган.

Милиция экспертизанын корутундусуна ылайык, тараган материалдарда массалык нааразылык акциясын өткөрүүгө, массалык тартипсиздикке жана бийликти алмаштырууга чакырыктын белгилери бар экенин билдирүүдө.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-278-беренеси (массалык баш аламандыкка кол салуу) менен кылмыш иши козголгон.

18-апрелде 1981-жылы туулган Акжолтой Тукунов кармалып, ИИМдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Тергөө уланууда.

Активист Акжолтой Тукунов 2022-жылы июлда Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Ага чейин ал социалдык тармактарда өкмөткө каршы үзгүлтүксүз сын-пикирлерин айтып, кумар оюндарына байланыштуу мыйзам долбооруна активдүү каршы чыгып, нааразылык акцияларына катышып келген.

Акжолтой Тукунов буга чейин аталган кызматта 2020-жылдын октябрь окуясынан кийин иштеген. Ал 2021-жылдын ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон.

Copyright © 2017 Maral FM