Биз менен байланышыңыз

Көлбаев менен Райымбек Матраимовдун бир катар мүлкү аукционго коюлду

Кыска кабар | 18 Апр 2024 | 174 | 0

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик кримтөбөл Камчы Көлбаев менен Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир катар мүлкүн аукционго койду.

Электрондук аукцион аркылуу 10 объект сатылууда.

Анын ичинде Бишкек шаарындагы Рыскулов көчөсү 79б дарегинде жайгашкан турак эмес жай бар, баштапкы баасы — 38 млн 601 миң сом. Чолпон-Ата шаарындагы курорттук аймактан 39 миң 900 чарчы метр жер 142 млн 657 миң сомго бааланды.

Мындан тышкары, Чүй облусундагы, Бишкек шаарындагы жер аянттары, Ош шаарындагы батирлер аукционго коюлду. Аукционго коюлган мүлктүн толук тизмесин ушул шилтемеден көрүүгө болот. Арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү — 29-апрель.

Бакуда кармалып, Бишкекке жеткирилген Райымбек Матраимов 26-апрелге чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (“Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу”) жана 222-беренеси (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо”) менен иш козголгон.

Былтыр 4-октябрда Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаев УКМКнын атайын операциясы учурунда каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM