Биз менен байланышыңыз

18ге чыккан томолой жетим балдарга 500 миң сомдон төлөө боюнча жарлык чыкты

Кыска кабар | 18 Апр 2024 | 258 | 0

Президент Садыр Жапаров «Келечекке салым» мамлекеттик балдар депозитин киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Максаты, томолой жетим калган балдардын өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү, алардын ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртууга жана билим алууга укуктарын камсыз кылуу болуп эсептелет.

Жарлыкка ылайык, 1-июндан тарта Кыргызстандын аймагында жашаган томолой жетим калган ар бир балага «Айыл Банк» ААКда «Келечекке салым» мамлекеттик балдар депозити киргизилет.

Бул депозиттеги акча каражаттарын бала он сегиз жашка толгондон кийин пайдалана алат. Өз тандоосу боюнча ден соолугун, жашоо шартын жакшыртууга жана билим алууга жумшалат.

Республикалык бюджеттен «Келечекке салым» мамлекеттик балдар депозиттери жыл сайын толукталат. Өкмөт балдар депозитин ачуу, толуктоо жана каражаттарын тескөө тартибин бекитет. Ар бир бала он сегиз жашка толгондо 500 миң сомдон кем эмес акча төлөнөт.

Жогорку Кеңештин 4-апрелдеги жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров томолой жетим балдарга 18 жашка толгондо 500 миң сом төлөнөрүн айткан. Учурда өлкөдө 1868 ата-энеси жок бала бар.

Акылбек Жапаров быйылкы жылдан баштап 270 миллион сом банктарга жайгаштырыларын маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM