Бириккен Арап Эмираттарындагы туруксуз аба ырайынан улам эки ири шаарга – Шаржа жана Дубайга Бишкектен учкан каттамдар токтотулду.
Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэрпортунун маалымат кызматы кабарлады.
Ал эми Абу-Дабиге учак кармалып жатат, учуу убактысы бүгүн саат 18:50гө жылдырылды.
15-апрелден бери БАЭде нөшөрлөгөн жаан жаап жатат. Өлкөнүн Улуттук метеорологиялык борбору акыркы 75 жылдагы эң көп жаан-чачынды катталганын билдирди.
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча Дубайда 12 сааттын ичинде дээрлик 100 миллиметр жамгыр жааган – бул эмиратка бир жылда түшкөн көлөмгө жакын.