Депутат Жанар Акаев милициянын убактылуу кармоочу жайындагы журналисттерди үй камагына чыгарууну өтүндү. Жогорку Кеңештин 17-апрелдеги жыйынында Акаев 11 журналист кармалып, жетөө бошотулганын, төртөө дагы эле камакта экенин эске салды.
«Аларды үй камагына чыгарып, тергөө амалдарын улантса болот. Журналисттердин камакта жатканы Кыргызстандын кадыр-баркына да абийир алып келбейт. Буга өзгөчө көңүл бурууну суранам» , — деди Акаев.
Быйыл 16-январда “Темиров Live”, “Айт айт десе”, “ПолитКлиника” жана “Арча Медиа” басылмаларынын журналисттеринин үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлдү. Алар:
- Махабат Тажибек кызы (Temirov Live).
- Сапар Акунбеков («Айт айт десе»).
- Азамат Ишенбеков (акын «Айт айт десе»).
- Сайпидин Султаналиев («Арча Медиа»).
- Актилек Капаров («Алга Медиа»).
- Тыныстан Асыпбеков («ПолитКлиника»).
- Максат Тажибек уулу (Temirov Live).
- Жоодар Бузумов.
- Жумабек Турдалиев.
- Айке Бейшекеева.
- Акыл Орозбеков.
Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айып тагылган.
17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналисттердин баш коргоо чарасын карап, эки айга камакка алган.
Учурда жети журналист үй камагына чыгарылды, төртөө тергөө абагында:
Махабат Тажибек кызы, Айке Бешекеева. Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров.