Биз менен байланышыңыз

Жыл башынан бери Кыргызстанда кызамыктан эки наристе чарчап калды

Кыска кабар | 30 Апр 2024 | 128 | 0

Жыл башынан бери Кыргызстанда кызамыктан эки наристе чарчап калды. Бул тууралуу Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова билдирген.

Ишенапысованын айтымында, чарчап калган эки наристе тең бир жашка чыга элек болгон. Алар жашы жете электигинде байланыштуу эмдөө ала элек болгон.

Буга чейин 2023-жылы өлкөдө кызамыкты жуктурган 7046 учур катталган, ал эми 2024-жылдын апрелине карата кызамыкты жуктургандардын саны 8209га жеткен. Алардын арасынан 37,5%ы ата-энеси эмдөөдөн баш тарткандар экени айтылган.
Өткөн жылы кызамыктан 9 адам каза тапкан. Алардын 8и 1 жаштан 18 жашка чейинки балдар, ал эми бирөөсү бир жашка чейинки наристе болгон.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM