Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров АКШда USAID администратору менен жолугушту

Кыска кабар | 17 Апр 2024 | 111 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) администратору Саманта Пауэр менен жолугушту.

Тараптар айыл жерлеринде жана алыскы райондордо жашаган калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган долбоорлор тууралуу сүйлөшүштү.

Мындан тышкары, билим берүү, энергетика, айыл чарба, санариптештирүү, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектеген делегация Вашингтонго Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларына катышуу үчүн барган.

Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, USAID, Америка-Кыргыз соода палатасы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы сыяктуу эл аралык каржы институттарынын жана уюмдардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөт.

Талкуулардын негизги темасы гидроэнергетика тармагын өнүктүрүү, атап айтканда, «Камбар-Ата -1» ГЭСин куруу долбоору, климаттын өзгөрүү маселелери, «Полярдык жылдыз» мектебинин билим берүү трансформациясы программасын илгерилетүү болот.

Мындан тышкары дүйнөлүк алдыңкы финансылык жана технологиялык корпорациялардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM