Биз менен байланышыңыз

Эгембердиев: Былтыр түрмөлөрдө беш киши өз жанын кыйган

Кыска кабар | 17 Апр 2024 | 146 | 0

Былтыр жаза аткаруу кызматынын абак мекемелеринде 33 киши ар кандай оору менен каза болгон. Анын ичинде беш киши өз жанын кыйган.

Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев парламенттин 17-апрелдеги жыйынында депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

«2023-жылы ар кандай оорулар менен, онкология, боор, жүрөк жана башка оорулардан 33 киши көз жумду. Биз Саламаттыкты сактоо министрлиги менен тыгыз иштеп жатабыз. Оорулардын, өлүмдүн көрсөткүчү боюнча төмөндөө байкалды. Мажбур болгон учурда соттолгондорду министрликтин мекемелерине чыгарып, дарылануусуна шарт түзүп жатабыз. Жалпы өлүм учурларынын ичинен беш адам өз жанын кыйган. Дүйнөлүк практика менен караганда, мындай көйгөй бизде эле эмес. Бирок тиешелүү тергөө ыкчам иш-чаралар жүргүзүлөт. Ар бир факты боюнча аягына чыгарабыз » , — деди Аскат Эгембердиев.

Депутат Бекешев Башкы прокуратура абактардагы өлүм учурларын иликтедиби деген суроо койду.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев мыйзамдуулукту текшерген атайын бөлүм бар экенин, түрмөлөрдөгү бардык өлүм учурларын каралып жатканын айтты.

Зулушевдин маалыматына караганда, 2024-жылы абактарда 12 адам каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM