Кыргызстандын Улуттук банкы апрель айынын эсебинен доллар сатып алуу боюнча экинчи жолу интервенция жасады. Бул тууралуу банктын маалыматтарында айтылат.
Жалпысынан Улуттук банк бүтүм жасалган күндөгү эсептешүү менен 19 миллион долларды жана бүтүм жасалган күндөн башкача эсептешүү менен 200 миң долларды сатып алды.
Өлкөдө доллардын сомго карата курсу төмөндөгөнү байкалды. Расмий курс 89,10 сом болууда.