Биз менен байланышыңыз

Жапаров АКШда Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банктын жолугушууларына катышат

Кыска кабар | 15 Апр 2024 | 168 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларына катышуу үчүн АКШнын борбору Вашингтонго барды.

Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, USAID, Америка-Кыргыз соода палатасы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы сыяктуу эл аралык каржы институттарынын жана уюмдардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөт.

Талкуулардын негизги темасы гидроэнергетика тармагын өнүктүрүү, атап айтканда, «Камбар-Ата -1» ГЭСин куруу долбоору, климаттын өзгөрүү маселелери, «Полярдык жылдыз» мектебинин билим берүү трансформациясы программасын илгерилетүү болот.

Мындан тышкары дүйнөлүк алдыңкы финансылык жана технологиялык корпорациялардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM