Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Москвадагы массалык мушташка чыккандар арасында кыргызстандыктар жок

Кыска кабар | 15 Апр 2024 | 236 | 0

Москвада эмгек мигранттары “Метроном” турак жай комплексинин курулушунда массалык мушташка чыккандардын арасында кыргызстандык жарандар жок.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине таянып билдирди.

14-апрелде Москва шаарындагы «Метроном» турак жай комплексинин курулушунда массалык мушташуу болгону кабарланган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, Тажикстан менен Өзбекстандан барган жарандар ташта, таяктарды колдонуп мушташкан.

Милицияга 20га жакын адам жеткирилди, жаңжалдын катышуучулары миграциялык мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча текшерилүүдө.

Маалым болгондой, окуя учурунда эч ким оор жаракат алган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM