Биз менен байланышыңыз

Түркияда асма жолдун кабинасы кулап, бир кыргызстандык жабыркады

Кыска кабар | 13 Апр 2024 | 205 | 0

Түркиянын Анталья шаарында асма жолдун кабинасы кулаган. Анын кесепетинен Кыргызстандын жараны жабыркаган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жабыркаган аял тик учак менен ооруканага жеткирилген.

Кыргызстандын Анталья шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери ооруканага барып, медициналык текшерүүнүн натыйжасында далы жана буттун көгөргөн жерлери катталган.

Министрликтин маалыматына караганда, жабыркаган жаранды ооруканада реабилитациялоону улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Copyright © 2017 Maral FM