Биз менен байланышыңыз

Президент: Элдин чөнтөгүнө күч келбейт

Кыска кабар | 13 Апр 2024 | 181 | 0

2024-жылдын 1-кварталында Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 8,8% түздү. Мында 2023-жылдын 1-кварталынын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу өсүү темпи 3 эсе жогорулаган. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул жөн эле сандар эмес, президенттин командасынын акыркы үч жылдагы күжүрмөн эмгегинин натыйжасы экенин билдирген.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип, бул сандар расмий экенин, Улуттук статистикалык комитети ар бир сандарга көз салып, эсептеп турушарын белгиледи.

«Мындан сырткары Экономика жана коммерция министрлиги көзөмөлдөп олтурат да. Экономикабыздын өсүшүнө бардык тармактар салым кошуп жатат.

Албетте салык төлөөчүлөр боюнча:
1. «Кумтөр»
2. «Альянс алтын» (Жерүй)
3. «Алтын кен»
4. «Нур телеком»
5. «Скай Мобайл» (Bitel)
6. «Альфа Телеком» (MegaCom)
7. «Ред Петролеум» (Альфа Ойл)
8. «Партнер нефть»
9. «Газпромнефть»
10. «Топ ночь»
11. «Айыл Банк»
12. «Оптима» сыяктуу компаниялар алдыңкы орунду ээлешет. Ал эми экономиканын өсүшүнө, инфляциянын ылдый кармалып турушуна Улуттук банктын салымы чоң», — деди президент.

Муну менен катар мамлекет башчысы резервдер боюнча эч кандай сыр жок экенин, булардын баары ачык маалыматтар экенин айтты.

Анын маалыматына караганда, жалпы эл аралык резерв бүгүнкү күнгө 3 миллиард 491 миллион долларга жетти. Көз карандысыздык алгандан бери 2020-жылга чейин эл аралык резерв 30 жыл аралыгында болгону 2 миллиард 424 миллион доллар болгон. Бүгүнкү Улуттук банктын командасы 1 миллиард 67 миллион долларды 3 жылда үстүнө кошуп койду.

«Алтындын запасы боюнча айтсам. 2020-жылга чейин 30 жыл аралыгында болгону 16 тонна алтын чогулган болчу. Бүгүнкү күндө Улуттук банкта 51 тонна алтыныбыз жатат. 3 жылда 35 тонна алтын кошулду. Айырмасын карагыла. 30 жылда 16 тонна, 3 жылда 35 тонна. Мындан сырткары Улуттук банк инфляциянын деңгээлин бүгүнкү күнү 5,2 пайызга чейин түшүрдү. Салыштырмалуу башка өлкөлөргө караганда бүгүн бизде инфляция ылдый болуп турат. Бул Улуттук банктын туура саясат жүргүзгөндүгүнүн жыйынтыгы», — деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM