Биз менен байланышыңыз

Текебаев: Борбор Азиянын дүйнөдө мааниси өсүп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Апр 2024 | 485 | 0

«Орусиядан мурдагыдай көз каранды болбой калдык». Мындай пикирин «Маралдын» түз эфиринде Кыргызстандын Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.

«Орто Азиянын дүйнөдө салмагы, мааниси өсүп жатат. Башка жактан келип «жуучу» болуп колун сурагандар көп болууда. Биз өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды билип баары менен кызматташышыбыз керек. Ал үчүн Орто Азия өлкөлөрү биригип бир субъект болуп, бөлүнүп-жарылбашы зарыл. Биз азыр Орусиядан мурдагыдай көз каранды болбой калдык. Алар өздөрүнүн көйгөйү менен, тескерисинче көзүбүздү карап турат. Ошондон пайдаланып жаңы өнөктөштөрдү таап жатабыз», — деди Текебаев.

Анын айтымында, орус-украин согушу аяктаса да, Орусия дүйнөдөгү күчтүү өлкө боюнча калат. Ошондуктан Орусия менен да мамилени бузбоо керек, — дейт саясатчы.

«Андан тышкары, жалпы өлкөнүн кызыкчылыгынан тышкары ар бир улуттун кызыкчылыктары бар. Алар кээ бир учурларда бири-бирине каршы келет. Бул көйгөйдүн бири суу маселеси. Ал эми чек ара маселесин чечип алганга болот. Бирок суу маселеси көпкө созулушу мүмкүн. Кыргызстан өзүнүн позициясын, кызыкчылыгын бербеш керек. Чек ара маселеси чечилиши зарыл. Себеби жалпы коопсуздуктун шарттарынын бири», — деп кошумчалады ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM