Биз менен байланышыңыз

Москвада кыргыз дипломатына кол салуу. Орусиянын элчилигине нота берилди

Кыска кабар | 12 Апр 2024 | 295 | 0

12-апрелде Тышкы иштер министрлигинин консулдук бөлүмүндө Орусия элчилигинин консулдук кеңешчиси Андрей Бурьев менен жолугушуу болгонун аталган министрликтен кабарлашты.

Анда Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кызматкерине кол салуу тууралуу маалымат талкууланган.

Кыргыз тарап Орусиянын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кеңешчисинин үй-бүлө мүчөлөрүнө карата аракеттерине тынчсыздануусун билдирди.

“Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн аккредиттелген кызматкерине карата мындай аракеттерге жол берилбеши керек жана кылдат иликтөө жүргүзүү, күнөөлүүлөрдү тез арада жоопкерчиликке тартуу талап кылынат” , — деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.

Андрей Бурьев бул факты боюнча Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тараптан расмий нота алганын, анын негизинде зарыл болгон текшерүү жүрүп жатканын билдирди. Жыйынтыгы боюнча кыргыз тарапка маалымат берилет.

8-апрелде Москвада эки милиция кызматкери Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун борбор калаада болушунун мыйзамдуулугун текшерүү үчүн анын батирине мыйзамсыз киришкен. Бул тууралуу Telegram каналдар билдирген.

Депутат Дастан Бекешев аталган дипломат менен байланышканын жана маалымат так экенин кабарлаган.

Милиция кызматкерлери дипломаттын үйүнүн кулпусун бузуп кирип, миграциялык каттоо баракчасынын ажыратылуучу бөлүгүн берүүнү талап кылышкан.

Манас Жолдошбеков жана анын үй-бүлө мүчөлөрү дипломатиялык паспортторду жана карталарды көрсөткөнүнө карабай милиция кызматкерлери миграциялык каттоо боюнча документтерди берүүнү талап кыла беришкен.

Copyright © 2017 Maral FM