Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров эч качан башка тилдерге каршы болбоого чакырды

Кыска кабар | 12 Апр 2024 | 242 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агенттигине курган маегинде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин орус, англис тилиндеги балдар контентин бөгөттөп, кыргызча ысымдарды коюу боюнча айтканы жеке ою экенин, мамлекеттик саясат башка экенин айтты.

Орус, англис тилдери дүйнөлүк тилдер экенин, КМШ өлкөлөрүндө орус тилсиз иштөө мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстандын мектептеринде эки тилде сабак берген мугалимдер жетишпейт. Бул себептен ал Орусия президентинен Кыргызстанга тогуз орус мектебин куруп берүүнү өтүнгөн. Ошондой эле англис мектептерин салгандарды да колдой турганын айтты.

«Айрыкча айыл жерлеринде орус тил мугалимдерине муктажбыз. Балдарыбыздын жаш кезиненен эле орусча сүйлөгөнүн уккан жокмун. Тескерисинче, мектепти бүтүп орусча бир сөз билбей түз эле Россияга кетип калып жаткан учурлар бар. Ал жакка барып орус тилинен кыйналып жатышат. Ошондуктан мен жеке өзүм демилге көтөрүп, бизге 9 орус мектебин салып бергиле деп Владимир Владимировичтен сурангам. Жакында курулуш иштери башталат деп турам.

Англис мектебин салам дегендер болсо да биздин эшигибиз ачык. Дүйнөнү кенен көз караш менен карашыбыз керек.

90-жылдары айылдарыбызда кыргызча сүйлөй албагандар бар болчу. Азыр тескерисинче айылдарда басымдуу көпчүлүгү орусча сүйлөй албай калбадыбы. Себеби айылдарда орус тил сабагынан берген орус мугалимдер жетишсиз болуп атат. Орус, англис тилсиз Кыргызстандан ары чыга албай калат жаштарыбыз. Ошондуктан эч качан башка тилдерге каршы болбошубуз керек.

Арабча ат коюлуп атат дегени ар кимдин өзүнүн иши. Эң негизгиси жүрөгү, каны кыргызмын деп соксо болду. Мисалы Мухаммед деген аттар бизде деле бар. Негизи көп эле аттар окшош келет» , — деди Садыр Жапаров.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин 11-апрелдеги жыйынында балдар көрүп жаткан мультфильмдерди, ар кандай оюндарды кыргызчалоону талап кылды. Ал айыл жергелеринде балдар ютубдан орусча, англисче мультфильм көрүп, оюн ойноп, тили кыргызча чыкпай жатканын сындады.

«Тез арада мультфильмерди, интернет оюндарын кыргызчалаш керек. Керек болсо, балдар көрүп же ойноп жаткан башка тилдеги бардык нерселерди өчүрүп, кыргызчалаш керек. Болбосо кыргыз тили жоголот» , — деди Нурланбек Шакиев.

Ал мындан тышкары, өлкөдө адам аттары арапча, орусча коюлуп, кыргызча ысымдар жоголуп кеткенин сындады.

«Халал эмес, адал деп кыргызча айталы. Кыргыздын бүт сөздөрүн арапча, орусча кылып өзгөртүп жибердик. Адам аттарын койгондо да арапча болуп кетти. Мына, кыргыздын жакшынакай ысымдары бар, Бакыт, Таалай, Улукбек, Балбак, Нурбек, Чолпон, Жылдыз, Акылбек… ушундай сонун кыргыз аттарын койбой калдык» , — деди спикер.

Copyright © 2017 Maral FM