Биз менен байланышыңыз

«Билими жоктор». Министр Ниязбеков журналисттердин кармалышы боюнча үн катты

Кыска кабар | 11 Апр 2024 | 273 | 0

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 11 журналисттин кармалышы боюнча «Кабар» улуттук агенттигине маек берди.

Ал журналисттердин кармалышында саясий себептер жок экенин айтып, кармалгандардын арасында журналистиканын мыйзамдарын билбеген билими жоктор бар экенин айтты.

Министрликтин ишмердүүлүгү боюнча жалган маалыматтарды таратып, элди көтөрүлүшкө чакырык жасашса камалышарын кошумчалады.

«Эч кандай саясий себептер жок. Биз журналисттербиз деп эле оозуна келгенди оттой беришсе анан камайбыз да. Жалган жалааларды жаап, калп маалыматтарды таратып коюп эч кандай жооп бербейбиз, биз журналистпиз деп отура берсе болобу? Журналистиканы, анын мыйзамдарын билбеген билими жоктор болуп атпайбы. Билими жок үчүн жалган маалымат таратышып, элди дүрбөлөңгө салып жатышпайбы. Анан эле аларды журналисттер деп ызы-чуу чыгара бериштин кереги жок.

Ошол эле Европа, АКШда журналисттер жалган же такталбаган маалыматтарды таратпайт. Бирөөнүн үстүнө жугунду куйбайт. Бирөөнүн үстүнө жугунду куюп же бийликтин ишмердиги жөнүндө жалган маалымат таратып көрсүнчү, аларды сотко берип олчойгон компенсация төлөтүп алат же камашат. Бизде деле ошол Европа, АКШдагыдай тартип орнош керек. Мейли бизди, бийликти сындашсын ага эч кандай тыюу жок. Бизде сөз эркиндиги бар жана боло берет. Болгон талабыбыз далилдерди топтоп алып же маалыматтарды абдан тактап алып анан элге чыгарышпайбы. Бийлик минтип салды, министрлик тигинтип салды деп жалган маалыматтарды дүңгүрөтүп салышып элди көтөрүлүшкө чакырык жасап атышса анан камайбыз да» , — деди министр Ниязбеков.

Быйыл 16-январдын таңында «Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, суракка алынган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айып тагылган.

Он бир журналист сурактан кийин камакка алынган. Учурда камактагы 11 журналисттин ичинен Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, Temirov Live долбоорунун мурдагы кызматкери Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери Айке Бейшекеева абакта. Калгандары үй камагына чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM