Биз менен байланышыңыз

Нурланбек Шакиев мультфильмдерди кыргызчалоону талап кылды

Кыска кабар | 11 Апр 2024 | 159 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин 11-апрелдеги жыйынында балдар көрүп жаткан мультфильмдерди, ар кандай оюндарды кыргызчалоону талап кылды.

Ал айыл жергелеринде балдар ютубдан орусча, англисче мультфильм көрүп, оюн ойноп, тили кыргызча чыкпай жатканын сындады.

«Тез арада мультфильмерди, интернет оюндарын кыргызчалаш керек. Керек болсо, балдар көрүп же ойноп жаткан башка тилдеги бардык нерселерди өчүрүп, кыргызчалаш керек. Болбосо кыргыз тили жоголот» , — деди Нурланбек Шакиев.

Ал мындан тышкары, өлкөдө адам аттары арапча, орусча коюлуп, кыргызча ысымдар жоголуп кеткенин сындады.

«Халал эмес, адал деп кыргызча айталы. Кыргыздын бүт сөздөрүн арапча, орусча кылып өзгөртүп жибердик. Адам аттарын койгондо да арапча болуп кетти. Мына, кыргыздын жакшынакай ысымдары бар, Бакыт, Таалай, Улукбек, Балбак, Нурбек, Чолпон, Жылдыз, Акылбек… ушундай сонун кыргыз аттарын койбой калдык» , — деди спикер.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында «Кыргыз Республикасында адал индустрия жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окууда талкууланууда. Демилгечи Министрлер кабинети.

Буга чейин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган.

Copyright © 2017 Maral FM