Биз менен байланышыңыз

Меккеде кыргызстандыктар үчүн акысыз мейманкана курулат

Кыска кабар | 10 Апр 2024 | 130 | 0

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Мекке шаарында кыргызстандыктар үчүн акысыз мейманкана курула турганын билдирди. Анын айтымында имараттын курулушуна президент Садыр Жапаров колдоо көрсөткөн.

Орунбеков билдиргендей, мейманкана Мекке шаарында илим алып жаткан кыргызстандык студенттер үчүн акысыз болот. Ошондой эле Мекке шаарына ажылык же умра сапарына барууну каалаган, бирок каражаты жетишсиз болгон жарандар да бул имараттан пайдалана алат. Тактап айтканда мусулманчылык парздарын так аткарып, диндин өнүгүүсүнө салым кошкон, бирок ажылыкка барууга каражатын топтой албай жүргөндөргө артыкчылык берилет.

Жарыяланган видеодо мейманкана вакф түрүндө негизделе турганы айтылган.

 

 

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM