Биз менен байланышыңыз

Кытай Айды изилдөөнү тереңдетет

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Апр 2024 | 657 | 0

Кытай дүйнөдө биринчи жолу Чанъэ-6 робот-космостук станциясынын жардамы менен Айдын башка тарабынан үстүңкү катмардагы кыртышын изилдейт жана ага эл аралык илимий изилдөө жабдууларын да жеткирет. Бул тууралуу China Daily гезити жазды.

Маалыматта жазылгандай космостук зонд (кыртышты текшерүүчү) жер спутниги болгон Айдын башка тарабынан чаңдарды жана таштарды чогултууга аракет жасайт. Андан кийин аларды Жерге кайра жөнөтүү үчүн конуучу аппаратка өткөрүп берет. Эгер бул операция ийгиликтүү ишке ашса, Айдын башка тарабынын үстүңкү кыртышы биринчи жолу чогултулат.

Мындан тышкары, Чанъэ-6 робот-космостук станциясы Айдын чаңын изилдөө үчүн Франциянын радон (химиялык элемент, түссүз газ) өлчөөчү аппаратын, ошондой эле Швециянын космостук физика институту тарабынан иштелип чыккан терс иондорду аныктоочу аппаратын Айга жеткирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM