Биз менен байланышыңыз

Президент Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте айт намазга катышты (фото)

Кыска кабар | 10 Апр 2024 | 136 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде, Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте ыйык Орозо айт майрамына карата айт намазга катышты.

Мамлекет башчысы айт намазын мечитке келгендер менен бирге окуду.

Белгилей кетсек, Орозо айт намазы жыл сайын Бишкектин борбордук аянтында окулуп келген. Бул жылы коопсуздукка байланыштуу айт намазы мечиттерде окуу чечими Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM