Биз менен байланышыңыз

Камактагы журналисттердин дагы төртөө үй камагына чыкты

Кыска кабар | 9 Апр 2024 | 273 | 0

Камактагы журналисттер Тыныстан Асыпбек, Сайпидин Султаналиев, Жоодар Бузумов, Максат Тажибек уулу үй камагына чыкты. Бул тууралуу журналисттердин жакындары кабарлады.

Чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 9-апрелде чыгарды.

Учурда камактагы 11 журналисттин ичинен Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, Temirov Live долбоорунун мурдагы кызматкери Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери Айке Бейшекеева абакта.

Быйыл 16-январдын таңында «Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, суракка алынган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айып тагылган.

Copyright © 2017 Maral FM