Бүгүн, 9-апрелде Бишкекте Кыргызстан менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Жейхун Байрамовдун сүйлөшүүлөрү өттү.
Министрлер экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча биргелешкен кыргыз-азербайжан өкмөттөр аралык комиссиянын иши, бизнес-форумдарын өткөрүү, Азербайжан-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун инвестициялык долбоорлору аркылуу эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү деңгээлин жогорулатуу тууралуу пикир алмашышты.
Мындан тышкары, транспорттук-логистикалык, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана гидроэнергетика тармагындагы инвестициялык кызматташтыкты активдештирүүгө көңүл бурулду.
Кыргызстан жана Азербайжанда инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, Баку-Бишкек-Баку авиарейсин жандандыруу, Маданият күндөрүн өткөрүү талкууланды.
Азербайжандын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапары менен 8-апрелде келди.