Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров кармалган «мекенчилдер» тууралуу үн катты

Кыска кабар | 9 Апр 2024 | 220 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агенттигине маек берип, кармалган «мекенчилдер» тууралуу комментарий берди.

Ал кармалгандардын арасында бирөөлөрдү коркутуп, жеңил акча таап жан баккандары бар экенин айтты. Садыр Жапаров аларды бир ай мурун чакырып, мыйзамдуу иштешин эскерткенин билдирди.

«Кийинки убакта мен «мекенчилмин» деген аферист, шантажчылар пайда болду. Камалгандардын арасында экөөсү шантажчы. Бирөөлөрдү шантаж кылып жеңил акча таап жан бакканга өтүп алышыптыр. Берки үчөөнү “кайсы кара теке сүздү” билбейм. Мен камалгандардын бирөөсүнүн шантаж кылып жүргөн смс билдирүүлөрүн, телефон чалууларын, үн жазууларын угуп, бир ай мурда чакырып эскерткем: «Эй жигиттер, минтип арам акча менен жан бакпай иштегиле, бизнес кылгыла, таза жашоого өткүлө» деп. Эми анын баарын айтып майдаланбай эле коёюн. Алардын бир туугандары жакшы билишет. Бир туугандарынын катышуусунда эскерткемин» , — деди Садыр Жапаров.

Президент мыйзамсыз иш кылгандар «мекенчил» болсо да жоопкерчиликке тартыларын айтып, кармалгандар кимдер экенин ачыктаган эмес.

Садыр Жапаров бул кармоо менен иш-чаралардын биринде жашыруун камера табылып, андан кийин белгилүү бир видеотасма коомчулукка жарыяланган фактынын байланышын четке какты. Окуяны укук коргоо органдары иликтеп жатканын кошумчалады.

Бишкек шаардык милиция кызматкерлери 8-апрелде бейбаштыкка шектелген топту кармап, алты адамдын сүрөтү жарыяланды. Интернет колдонуучулар алардын көбүн «Мекенчил» партиясынын өкүлдөрү деп таанышып, алардын кармалышы социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты.

Copyright © 2017 Maral FM