Биз менен байланышыңыз

Бишкекте үч автобустун багыты өзгөрдү

Кыска кабар | 9 Апр 2024 | 116 | 0

Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашкандай, 9-апрелден тарта №55, №56 жана №226 автобустардын багыты жарым-жартылай өзгөрөт.

№56 автобус Кожобергенов көчөсү менен Чоң-Арык айылына чейин барат.

№55 автобус Ахунбаев, Чортеков, Муромский, Селекционное көчөлөрү менен ЖЭБ-2ге чейин жүрөт.

Ошондой эле №226 автобустун каттамы мурдагы калыбына келтирилди. Ал Сухэ-Батор, Юнусалиев жана Медеров көчөлөрү менен каттайт.

Мэрия бул чаралар шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында ишке ашканын белгилейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM