Биз менен байланышыңыз

Азербайжандын тышкы иштер министри Кыргызстанга келди

Кыска кабар , Саясат | 9 Апр 2024 | 663 | 0

Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Азербайжандын тышкы ишетр министрлери Жээнбек Кулубаев жана Жейхун Байрамовдун жолугушуусу өтүүдө.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен тараптар жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасашат.

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Кыргызстанга расмий сапары менен 8-апрелде келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев тосуп алышты.

Сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр болору күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM