Биз менен байланышыңыз

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион реконструкцияланат

Кыска кабар , Спорт | 8 Апр 2024 | 211 | 0

Борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Бүгүн, 8-апрелде Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, «Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик ишканасынын директору Канат Бегалиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жыйын өткөрдү.

Жолугушууда стадиондун аймагын текшерип, капиталдык реконструкциялоо маселесин талкуулашты.

Курулуш боюнча агенттик жакынкы маалда реконструкциянын эскиздик долбоорун сунуштайт. Пландалган иштердин алкагында спорттук аренанын трибунасы, жарыктандандыруусу жана оюн талаасын суугаруу системалары жаңыланып, табло, трибуналардын алдындагы бөлмөлөр, стадионго кирүүдөгү турникеттер оңдолот.

Жолугушуунун соңунда реконструкция жана оңдоп-түзөө иштери ушул жылдын июнь айынын биринчи бөлүгүндө старт алып, сентябрь айынын башында аяктаары маалым болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM