8-апрелде күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусу, Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусунда,
Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 74-107-чакырымдарында;
Ала-Бука–Каныш-Кыя– Кызыл-Адыр унаа жолунун Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.