Биз менен байланышыңыз

Шайлоочулардын тизмесине 350 миңге жакын жаран катталды

Кыска кабар | 8 Апр 2024 | 164 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-апрелде өтө турган мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган шайлоочулардын тизмесин жарыялады. Шайлоочулардын тизмеси 8-апрелде 198 шайлоо участкасына илинет.

№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 112 миң 495.

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 125 миң 344.

№9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 111 миң 995.

Шайлоочулардын тизмесинен 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен, tizme.gov.kg сайтынан же шайлоо участогунда жарандар өзүн тактаса болот.

Борбордук шайлоо комиссиясы Баткен, Ош, Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 35 талапкерди каттаган.

№2 Баткен шайлоо округунан 10 талапкер, 14 талапкер №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан жана 11 талапкер №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан катталды. Ош шайлоо аймагынан койгон талапкерлердин ичинде бир аял бар.

Copyright © 2017 Maral FM