Кыргызгидромет билдиргендей, 8-апрелде өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуусу күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн + 3… + 8, күндүз + 19 … +24,
Талас жергесинде түнкүсүн +2… + 7, күндүз + 16…+21,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2… + 7, күндүз + 16…+21,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0 … + 5, күндүз +12…+17,
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз + 12…+17.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз, +22…+24 градус болот.