Бүгүн, 6-апрелде президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Садыр Жапаров жалпы кыргыз элинин атынан Казакстанда болуп жаткан масштабдуу суу ташкындары тууралуу маалыматты тынчсыздануу менен кабыл алганын белгиледи.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар алдыдагы боло турган иш-чараларды талкуулашты.
Садыр Жапаров Токаевге колдоо сөздөрүн айтып, боордош Казакстан элин келе жаткан Орозо айт майрамы менен куттуктап, бул руханий майрам эки өлкөнүн элдерине тынчтык, бейпилдик жана туруктуулук алып келишин каалады.
Бүгүн Кыргызстан суу каптоодон жабыр тарткан Казакстандын элине гуманитардык жардам жөнөттү. Суу каптоодон жабыр тарткан Казакстандын калкына күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр буюмдары, матрац жана чатырлар жеткирилди.
Казакстандагы суу каптоодон улам 16 миңдей эл, 6000 жаш балдар эвакуацияланган. Убактылуу пункттарында 4миңден ашуун жаран, 200дөй бала жайгашкан.