Connect with us

Ташиев: Матраимов 200 млн долларды өз ыктыяры менен бериши керек

Кыска кабар | 5 Апр 2024 | 635 | 0

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иш бөлмөлөрүнүн бири 16 миллион долларга сатылганын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 5-апрелде журналисттерге билдирди.

«Матраимовдун бир кеңсесин 16 млн долларга саттык. Бул акча Мамлекеттик мүлк фондунан депозиттик эсебине түштү. Матраимов бизге 60 миллион долларга жакын мүлктү өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Биздин эсеп боюнча, бизде тизмеси бар мүлктөр сот аркылуу алынып, Матраимовдон 200 миллион доллар каражатты өз ыктыяры менен өткөрүп бериши керек. Ал бир канча адамга кайра сатып жиберди же каттатты делген мүлктөрүн да алабыз», — деди Ташиев.

УКМКнын төрагасы акыркы үч жылда коррупция жана уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүнүн натыйжасында мамлекеттик казынага 100 млрд сомдон ашык акча түшкөнүн маалымдады. Анын ичинен накталай акча 40 млрд сомдун тегерегинде, калганы башка мүлктөр менен кайтарылган.

Камчыбек Ташиев бул каражаттар кайсы жактан түшкөнүн жана кандай иштетилери ачыкталарын айтты.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 25-мартта Бакуда кармалып, Бишкекке жеткирилген.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана 222-беренеси “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)” белгилери  боюнча иш тергелүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM