Connect with us

«Бардык чиновниктер боюнча маалымат бар». Ташиев Бейшеналиев жөнүндө үн катты

Кыска кабар | 5 Апр 2024 | 527 | 0
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев боюнча парламентте түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгына жараша текшерүү жүргүзүөт.

Бул тууралуу Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 5-апрелде Бишкектин четиндеги Орок айылында жаңы футбол стадионунун курулушун баштоо учурунда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

«Депутаттык комиссия корутунду берет, менимче бат эле жыйынтык чыгарышат. Эгер кайсы бир фактылар аныкталса, кылмыш ишин козгойбуз, жоопкерчиликке тартабыз» , — деди Ташиев.

УКМКда Алымкадыр Бейшеналиев боюнча маалымат барбы деген суроого жооп берип жатып, Атайын кызматта бардык аткаминерлер, жарандар жөнүндө маалыматтар бар экенин айтты.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 14-марттагы жыйынында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар деген сөздөрдү айтып, министрдин жоопкерчилигин кароону сунуштаган.

Алымкадыр Бейшеналиев дарыгер катары бардык жарандарды дарылоого милдеттүү экенин, депутат өзүн жеке таарынычына байланыштуу сындап жатканын айтып, аны сотко берген.

Парламенттин 3-апрелдеги жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу Бейшеналиевди коррупцияга айыптады. Ушул эле жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.

Президент Садыр Жапаров 4-апрелде “Кабар” улуттук агенттигине маек куруп, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жакыны эмес экенин, коррупция менен уурулуктарга каршы күрөшүүдө тайманбаган министр болгону үчүн кызматта кармап жүрөрүн айтты.

Президент саламаттык сактоо министрин эле эмес, коррупцияга каршы күрөшкөн бардык министрлерди коргой турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM