Connect with us

Абактагы өлүм: Акыйкатчы убактылуу кармоочу жайдагы адамдардын укугун коргоого чакырды

Кыска кабар | 5 Апр 2024 | 288 | 0
Акыйкатчы институту тараткан сүрөт

Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарын убактылуу кармоочу жайда кармалып турган жарандардын укуктарын сактоону камсыз кылуу үчүн тез арада чара көрүүгө чакырды.

Ошондой эле, убактылуу кармоочу жайда адам укуктарынын бузулушуна жол берген кызматкерлерге чара көрүүнү талап кылды.

2-апрелде Сокулук райондук убактылуу кармоочу жайында Б.У. аттуу жаран асынган абалда табылганы тууралуу маалымат тараган. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 3-апрелде ошол абакка барышкан жана асынган киши табылган камераны карап чыгышкан.

Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган Б.У. нун камерасында белгиленген эреже боюнча коюлуучу видео байкоо болгон эмес. Башка камераларда видео байкоо болгон.

Милициянын маалыматына караганда, өзүн асып алган жаран 1-апрелде милициянын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаардык №1 тергөө изоляторуна которулмак. Бирок анын өздүгүн тактаган документтери жок болгондуктан, №1 тергөө изоляторуна кабыл албай койгон.

Кийинки күнү башка кармалып тургандар сотко кеткенде, Б.У камерада калган. Бир аз убакыттан кийин аны асынып турган абалда табышкан.

“Убактылуу кармоочу жайда адам укуктарынын сакталышына тийиштүү көзөмөлдү камсыздоо мамлекеттик бийлик органдарынын негизги функцияларынын бири болуп саналат”,- деп баса белгиледи Акыйкатчы.

2-апрелде Сокулук райондук милиция бөлүмүндө кармалып отургандардын бири асынып алганы белгилүү болгон. Окуя боюнча териштирүү башталганын ИИМ билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM